Эл өкүлү банктардын ири которуулар боюнча айрым маселелерди көз жаздымда калтырып жатканына нааразы

Коом Загрузка... 26 Май 2025 17:00
WhatsApp Image 2025-05-26 at 16.36.29.jpeg
copyright icon www

Бишкек, 26.05.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында банк тармагындагы кибералдамчылык жана алдамчылык боюнча мыйзам долбоорун сунуштады.

Депутаттын айтымында, Улуттук банк өлкөнүн башкы жөнгө салуучу органы катары банк тармагындагы киберкылмыштуулукка системалуу анализ жүргүзүп, бул кылмыштарга күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтүшү керек.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда беш чоң көйгөй болсо, алардын арасында алдамчылык да бар. Канчалаган карапайым жарандар шылуундардын торуна түшүп, депутаттардын, министрлердин атынан чалып, акча сураганга чейин барышат. Муну менен катар көп сандаган карапайым жарандар алдамчылардын курмандыгы болушат.

“Мисалы, бир жаран банктан насыя алса, анда ар кандай себептер менен төлөмдөрдү кечиктирсе, башка банк ага насыя бербей калат. Анткени анын кредиттик тарыхы ансыз деле бузулган. Коммерциялык банктар өз кызыкчылыктарын кантип коргоп жатканын көргүлө. Бирок кандайдыр бир студенттин же жарандын эсебине шектүү ири суммадагы акчалар түшкөндө, бул аларды кооптондурбайт. Эмне үчүн мындай? Анткени банк алардан пайыз алат жана алар бул төлөмдөрдүн тарыхын изилдешпейт. Эч кандай анализ жасашпайт. Бул банк өкүлдөрүнүн көз жаздымда калтырып, ага карата иш аракеттер толук иштелип чыга элек дегенди билдирет. Себеби, бул алардын кызыкчылыгына туура келбейт”, - деди ал.

Эл өкүлү кошумчалагандай, токтом долбоорунда коммерциялык банктар банктык эсеп боюнча алдамчылык фактыларынын көптүгүнө байланыштуу кылдат талдоо жүргүзүүнү талап кылат. Ошондой эле банктар мындай кылмыштар тууралуу жарандарга СМС же почта аркылуу маалымат билдирүүсү зарыл.