Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Депозиттерди коргоо боюнча агенттикте жүргүзгөн 2024-2025-жылдардагы финансылык аудитинин жыйынтыгында жалпы 5 млн 866,5 миң сомдук эреже бузуулар аныкталды.
Эсептөө палатасынан билдиришкендей, текшерүүдө негизги кемчиликтер эмгек акы фондун пайдаланууда жана ички документтерди жүргүзүүдө катталган. Анын ичинде кызматкерлерге бекитилген тартипте каралбаган 5 млн 586,5 миң сом материалдык жардам катары төлөнгөнү аныкталган.
Ошондой эле күз-кыш мезгилине карата жардам көрсөтүүдө 280 миң сомдук айырма табылган.
Эсептөө палатасы агенттикке аныкталган кемчиликтерди жоюу, ички документтерди иретке келтирүү жана финансылык көзөмөлдү күчөтүү боюнча сунуштарды берди.