Дене тарбия жана спорт агенттигинин кызматкерлерине милдеттерин так аткаруу тапшырмасы коюлду

Коом 1 август 2025 11:30
WhatsApp Image 2025-08-01 at 10.39.46.jpeg
WhatsApp Image 2025-08-01 at 10.40.30 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-01 at 10.40.30.jpeg
WhatsApp Image 2025-08-01 at 10.40.30 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-08-01 at 10.39.46.jpeg
WhatsApp Image 2025-08-01 at 10.40.30 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-01 at 10.40.30.jpeg
WhatsApp Image 2025-08-01 at 10.40.30 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 01.08.25. /Кабар/. Дене тарбия жана спорт агенттигинин коллегиясында жетекчилерге коюлган милдеттерин так жана өз убагында аткаруу тапшырмасы коюлду. Бул тууралуу аталган агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, коллегияда өлкөнүн спорт тармагындагы негизги жетишкендиктер, аймактардагы аткарылган иштер, эл аралык кызматташуунун жыйынтыктары жана иштелип чыккан долбоорлор боюнча баяндамалар жасалды.

Жыйын суроо-жооп форматында уланып, катышуучулар бардык кызыктырган суроолоруна жооп алып, көтөрүлгөн маселелер талкууланды.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Айбек Абдымомунов, Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев, ошондой эле агенттиктин борбордук аппаратынын, облустук башкармалыктардын, спорт дирекцияларынын жетекчилери жана бөлүм башчылары катышты.

Эскерте кетсек, кечээ, 31-июлда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйыны болуп өттү.