Дэн Сяопин проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат

Коом Загрузка... 05 Сентябрь 2025 10:45
161766.max-320x180.format-webp.webp
copyright icon www

Бишкек, 05.09.25 /Кабар/. Бишкектеги Дэн Сяопин проспектисинин Фучик көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейинки түндүк тарабы 6-сентябрдан тартып капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.

Мэриядан билдиришкендей, аталган тилкенин түштүк тарабы унаалар үчүн эки тараптуу уюштурулат.

"Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы жаралган абалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат жана жол тыгындарын болтурбоо үчүн коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт",-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, муниципалитет Бишкектеги жол оңдоо иштери 20-октябрга чейин толугу менен аяктаарын билдирген.