Дэн Сяопин проспектисинин бир бөлүгү бүгүн ачылат

Коом Загрузка... 31 Август 2025 11:36
IMG_5708.jpeg
copyright icon Бишкек шаардык мэриясы

Бишкек,31.08.25./Кабар/. Бишкектеги Дэн Сяопин проспектисинин бир бөлүгү оңдоп-түзөө иштеринен кийин ачылат.

Мэриядан билдиришкендей, Бишкек шаарында оңдоп -түзөө иштеринен кийин Дэн Сяопин проспектисинин Фучик көчөсүнөн Интергельпо көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түштүк тарабы ачылууда.

“Оңдоо иштеринин алкагында “Бишкексууканал” МИге тиешелүү түтүктөр алмаштырылып, эски асфальт алынган, жаңы бордюрлар орнотулуп, эки катмар ысык асфальт төшөлдү, жол белгилери жана чиймелер жаңыланды”,-деп айтылат маалыматта.