Ден соолук сурашып, жылуу маанайда учурашкан Жапаров менен Токаев

Коом Загрузка... 27 Ноябрь 2025 14:00

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.11.25 /Кабар/. Күн мурун “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчылары үчүн этномаданий программа уюштурулду.

Меймандарды президент Садыр Жапаров өзү тосуп алып, өлкө башчылар жагымдуу маанайда баарлашты.

Өлкө башчылардан эң алдын болуп Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келген.

Унаадан түшөөрү менен өлкө башчысы Садыр Жапаров анын ден соолугун сураган. Өз кезегинде казак лидери “ден соолук жакшы, эң башкысы ден соолук жакшы болсо, баары болот” деп жооп берген.

Жогорку даражалуу коноктор “Кыргыз айылы” этнографиялык комплекси менен таанышты. Иш-чаранын алкагында боз үйлөр, улуттук тиричилик буюмдары, уз-чеберлердин кол өнөрчүлүгү жана мүчө-мамлекеттердин маданий өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров мамлекет башчыларына кыргыз элинин меймандостугунун символу катары улуттук музыкалык аспаптар жана колго жасалган паннолорду белекке тартуу кылды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге улуттук аспап кыл-кыяк белекке берилди.