Дем алышта өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 23 февраль 2026 08:50
Дем алышта өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталды
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 23.02.26. /Кабар/. Дем алышта өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • Бишкек шаарында – 1;
  • Ош шаарында – 1;
  • Жалал-Абад облусунда – 3;
  • Баткен облусунда – 1;
  • Ысык-Көл облусунда – 1;
  • Чүй облусунда – 2.

Тилсиз жоону өчүрүүгө 10 күжүрмөн эсеп тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду.