Дельфий оюндары жөн эле конкурс эмес, чыныгы майрамдай өттү – калыс

Маданият Загрузка... 27 Март 2026 18:16
WhatsApp Image 2026-03-27 at 17.04.06 (21).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 27.03.26 /Кабар/. Дельфий оюндары жөн эле конкурс эмес, чыныгы майрамдай өттү. Бул тууралуу I жаштар Дельфий оюндарынын жабылыш аземинде конкурстун калысы, Тажикстандын Композиторлор союзунун мүчөсү, композитор Иброхимзода Убайдулло Усмонходжа билдирди.

Анын айтымында иш-чара жогорку деңгээлде өттү.

“Эстрадалык ырдоо” номинациясынын калысы болдум. Бул жылы абдан мыкты курам топтолуптур жана конкурстун өзү абдан шаңдуу өттү. Бишкек бул оюндарды жогорку деңгээлде уюштурду.

Катышуучулар дагы абдан жакшы даярданып келиптир. Бизге алардын арасынан мыктыны тандап алуунун өзү кыйын болду.

Калыстар тобунун курамы да жогорку деңгээлдеги өнөрпоздордон түзүлдү. Аны россиялык композитор Александр Земцов жетектеди. Курамына белгилүү педагог жана вокалист, дүйнөгө таанымал ырчы Димаш Кудайбергендин устаты Марат Айтимов жана Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Рафаэль Сарлыков кирди.

Мен буга чейин да бул иш-чарага калыстык кылып келгем. Соңку 5-6 жыл ичинде кыргызстандык эстрада таланттарынын деңгээли кыйла жогорулаганын байкоого болот. Өткөн жылы Россияда өткөн “Интервидение” конкурсунда Кыргызстан өзүнүн мыктылыгын көрсөттү.

Мен Кыргызстанга, анын ичинде Бишкек шаарынын мэриясына, мындай майрамдык маанайда иш-чараны уюштургандыгы үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем. Балдардын жүзүндөгү кубаныч баарына көрүнүп турду. Ал жөн эле конкурс эмес, чыныгы майрамдай өттү”,-деди Усмонходжа.