Декларацияларды талдоо жана киберкоопсуздук: Салыкчылар үчүн семинар өттү

Коом Жүктөлүүдө... 10 Июль 2026 13:45
742001547_2528740734216222_3505627318547811355_n.jpg
742045593_1032102706350544_6730760632813142837_n.jpg
742198201_1069286075744920_4778270262583086400_n.jpg
742771030_1740140760351982_18902030713041588_n.jpg
742859759_1514856483024079_2066975124896355782_n.jpg
742903270_27491739540496720_1858307306618616387_n.jpg
744440738_1710470116880604_4675992799788308760_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери үчүн кесиптик квалификацияны жогорулатууга багытталган семинар өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чара Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча 2025-2030-жылдарга карата мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.

"Семинардын алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин Бирдиктүү салык декларациясында көрсөткөн маалыматтарын өз убагында, сапаттуу жана тобокелдиктерге негизделген ыкма менен талдоо тартиби , маалыматтык системалар жана жеке маалыматтар менен иштөөдө коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле кибержоопкерчиликти жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле кызматтык милдеттерди аткарууда коррупцияга каршы мыйзамдардын талаптарын туура колдонуу жана тобокелдиктердин алдын алуу.

Белгиленгендей, семинардын негизги максаты салык органдарынын кызматкерлеринин кесиптик даярдыгын жогорулатуу, маалыматтык коопсуздук маданиятын чыңдоо жана мыйзамдарга ылайык салыктык башкарууну өркүндөтүү болуп саналат.

Мамлекеттик салык кызматы кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана салык органдарынын ишинде ачык-айкындуулукту, натыйжалуулукту камсыздоо багытындагы системалуу иштерди улантарын белгилейт.