Дээрлик жарым млн. Кадамжайда балдарына алимент төлөбөй жүргөн ата кармалды

Укук тартиби Загрузка... 24 Декабрь 2025 14:01
WhatsApp Image 2025-12-24 at 13.12.04.jpeg

Бишкек, 24.12.25 /Кабар/. Кадамжайда балдарына алимент төлөбөй жүргөн ата кармалды.

Баткен облустук милициясынан билдиришкендей, Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын 35 жаштагы тургуну Т.Э. балдарына төлөнө турган 474 миң 856 сом алиментти төлөбөй, мыйзамдык жоопкерчиликтен качып, жашырынып жүргөн.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин негизинде Т.Э. Кызыл-Кыя шаарынан кармалды.

Азыркы тапта шектүүгө карата тиешелүү тергөө амалдары улантылып, юридикалык баа берилүүдө.