Дээрлик 45 жылдан бери каралган эмес. Токтогулдагы стадион 256 млн сомго оңдолду - сүрөттөр

Аймак Загрузка... 08 Сентябрь 2025 15:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Бишкек, 08.09.25. /Кабар/. Токтогул шаарындагы Эргеш Ормонов атындагы стадион реконструкцияланууда. Иштин жүрүшү менен "Кабар" агенттигинин кабарчысы жеринен таанышты.

Райондук администрациянын маалыматына ылайык, аталган стадион 1980-жылдан бери капиталдык оңдоодон өтпөй келген. 2024-жылдын май айында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин Токтогул шаарына болгон иш сапары учурунда стадионду реконструкциялоо боюнча тапшырма берген.

Аталган тапшырмага ылайык, Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан долбоордук-сметалык документация даярдалып, "Трилайн" ЖЧКсы ишке ашырган. Мамлекеттик экспертизадан өтүп, жалпы сметалык наркы 256,4 млн сом деп бааланган.

Стадионду жаңылоонун алкагында, футбол аянтында дренаж түтүктөрү, жасалма газон жана резина күкүмдөрү төшөлдү. Бул иштерди "Промстрой контракт" ЖЧКсы жүргүзүп, 10 млн 41 миң сомго бааланган. Ал эми газон жана резина материалдарын Кыргыз футбол биримдиги камсыздады.

Мындан сырткары, стадиондун төрт бурчуна 45 метрлик жарыктандыруучу мунаралар орнотулган. Ишти "Гранд Про" ЖЧКсы аткарып, жалпысынан 37 млн сом жумшалууда.

Стадиондун негизги имараты, чуркоо жолчосу, трибуна, ажаткана, электр, суу жана саркынды суу системалары боюнча иштер үчүн республикалык бюджеттен 171 млн сом бөлүнгөн. Бул максатта республикалык бюджеттен 171 млн сом бөлүнгөн.

Ошентип, республикалык бюджеттен: 184 170 600 сом, Кыргыз футбол биримдиги тарабынан: 55 515 806,59 сом каралган.

Мындан тышкары, Токтогул шаардык мэриясы аталган компанияларга техникалык жардам көрсөтүп, экскаватор, погрузчик жана ХОВО жүк ташуучу унааларын акысыз камсыздады.

"Реконструкция иштери толугу менен бүткөрүлсө, Токтогул шаары заманбап талаптарга жооп берген стадионго ээ болот",-деп айтылат маалыматта.