Бишкек, 23.07.25. /Кабар/. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Азербайжандын Шуша шаарында өткөн дүйнөлүк медиа форумга катышты. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, форумга дүйнөнүн 50гө жакын өлкөсүнөн коноктор, 140тай белгилүү медианын өкүлдөрү, таанымал журналисттер катышкан. Форумду Азербайжандын президенти Ильхам Алиев ачып, журналисттердин суроолоруна жооп берди.
"Форумдун арасында Карабахтагы калыбына келтирилип жаткан шаарлар, социалдык обьектилер жана айылдарга тур уюштурулду. Анын катарында Агдам районунда Кыргызстан тарабынан курулган мектепти дагы көрсөтүштү. Бул окуяга катышып жатып сыймыктандым. Себеби, кайсы бир учурда мамлекетибиз дүйнө коомчулугуна жардамга муктаж өлкө катары белгилүү болсо, азыр жардам колун сунган, боордош элге мектеп куруп белек кылган, эл аралык мамилени бекемдөөдө жаңы этапка көтөрүлүп бара жаткан Кыргызстан катары таанылып баштады.
140тан ашык медиа өкүлдөрүнүн арасында бул окуя мен үчүн сыймык болуп, уюштуруучулар эки элдин достугу тууралуу айтып жатканда башымды бийик көтөрүп, ичимден катуу кубанып турдум", - деп жазды Орунбеков.