Дайырбек Орунбеков Балыкчы шаарындагы өзгөрүүлөрдү тизмектеди

Аймак 18 август 2025 10:38
533779768_24275394085447704_3962836782226965719_n.jpg
533565957_24275394255447687_340502007225973122_n.jpg
533706661_24275393728781073_4362294316565164681_n.jpg
533746152_24275394472114332_9091116511220416698_n.jpg
533808127_24275393165447796_5400249197553495972_n.jpg
533823511_24275393895447723_1962713560748732621_n.jpg
533857228_24275393478781098_6533508663216585001_n.jpg
534149136_24275393962114383_3435825435816803663_n.jpg
534232006_24275393062114473_6069535672319981200_n.jpg
534315482_24275393035447809_7402086372737540785_n.jpg
534434649_24275394612114318_1160829690290033544_n.jpg
534508318_24275394458781000_7296369232323938214_n.jpg
534665899_24275393372114442_2124655131735626091_n.jpg
534801100_24275393558781090_5428647515460159971_n.jpg
534873652_24275394132114366_5315203474058659509_n (1).jpg
534920947_24275393668781079_3759023563119341778_n.jpg
535053954_24275392925447820_151516260989501101_n.jpg
535077822_24275393198781126_6176137631320529455_n.jpg
535480247_24275392942114485_837378345912418794_n.jpg
535988811_24275380725449040_3900391551424044390_n.jpg
536168468_24275393328781113_801964557637339556_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 18.08.25 /Кабар/. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Балыкчы шаарындагы чоң өзгөрүүлөр башталганын билдирди.

Анын айтымында, Балыкчы шаары – туризмдин жүрөгү болгон керемет Ысык-Көлдүн босогосу.

"Чолпон-Атадагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынан кайтып келе жатып, Балыкчыга токтоп өттүм. Шаарда чоң өзгөрүүлөр башталыптыр.

Мурда кире беришинде арка бар эле, кире бергендеги өтмөк тар, жүрөктү кысат болчу. Ал буга чейин алып салынган. Анын ордуна жаңы арка тургузулуп, үстүнө “Ак кеме” орнотулат экен. Мындан сырткары, толкун формасында жасалган фото-зона курулуп, элдер сүрөткө түшө турган сонун жай болот.

Шаарга кире бериштеги айланма жолдун ортосунда турган желек жаңыртылып, реконструкция болот. Ошол эле жерде балык саткандар бар болчу. Алар жол тыгынын жаратып, коопсуздук сакталбай өздөрүнө деле оор эле. Мына ошол соода кылгандарды дагы көчүрүүгө атайын “Балык” базары салынып жатыптыр. Ал жай кышында жылуу, жайында салкын болуп, соодагерлер үчүн да, кардарлар үчүн да ыңгайлуу болот экен.

Автобекет да заманбап деңгээлде курулуптур, 200дөн ашык такси, он чакты автобус үчүн чоң токтоочу жай каралган. Унаа токтоочу жайга шлагбаум коюлуп, жүргүнчүлөрдү лицензиясы бар таксилер гана тейлей турган болот.

Шаарды аралап өткөн негизги трассанын боюндагы зым карагайлар алынып, ордуна гүлдөр отургузулуп, веложол менен тротуар салынып жатат. Мындан тышкары, Балыкчыда шаардык базар, тейлөө жана көңүл ачуучу жайлардын, парктардын курулушу да жүрүп жатыптыр.

Мына ушул долбоорлордун соңуна чыгуусу менен Балыкчы шаары бир кыйла өзгөрүп, көркүнө чыгат", - деп жазды ал.