Дарыяларда суу көтөрүлөт: ӨКМ 7-8-июль күндөрү сел жүрүү коркунучун эскертти

Коом 7 июль 2026 11:30
Дарыяларда суу көтөрүлөт: ӨКМ 7-8-июль күндөрү сел жүрүү коркунучун эскертти

Бишкек, 07.07.26 /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 7-июль күнү түштөн кийин жана 8-июлда өлкөнүн бир катар аймактарында сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертти.

Маалыматка ылайык, аба ырайынын кескин өзгөрүшү, абанын температурасынын жогорулашы жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Мындан тышкары, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.