Дарыгерлердин шалаакылыгынан 14 жаштагы кыз майып болдубу? Акыйкатчы иликтөөгө чакырат

Коом Загрузка... 17 Сентябрь 2025 12:00
3e055e4e-d134-4cbb-85e1-821ae03935f9.jpg
copyright icon Акыйкатчы институту

Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева жарандардын, анын ичинде балдардын саламаттыгын сактоо жана сапаттуу медициналык жардам алуу укуктарын коргоо маселесине көңүл бурду. Бул укуктар Баш мыйзамда жана "Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" мыйзамда бекитилгенин белгилеп, акыйкатчыга кайрылган Бишкек шаарынын тургунунун арызын иликтөөгө алды.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, акыйкатчыга Бишкек шаарынын С.З. аттуу тургуну кайрылып, 14 жаштагы кызынын майып болуп калышына дарыгерлерди айыптап, аларга чара көрүүгө жардам сураган. Ал 2024-жылдын 11-октябрында 13 жаштагы кызынын бети шишип кеткендиктен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нефрология бөлүмүнө жаткырганын айтты. Кыздан анализдер алынып, "Нефротикалык синдром" деген диагноз коюлган.

Эки жума дарыланып чыккандан кийин кыздын буту катуу ооруп, кайра ооруканага жаткырылган. Бирок, дарыгерлер УДИден "эч кандай патология жок" деп, көңүл бурбай коюшкан. Энесинин кайра-кайра кайрылууларына карабай, дарыгер Б.Н. кошумча кароодон баш тарткан. Натыйжада, кыздын абалы начарлап, эс-учун жоготкон.

Андан соң кайрадан УДИ жасалып, кыздын бутунда кан уюп калганы (тромбоз) аныкталган. Өспүрүм тез арада Улуттук госпиталдын кан тамыр хирургия бөлүмүнө которулган. Тилекке каршы, консервативдүү дарылоо да натыйжа бербей, 25-ноябрда дарыгерлер бутту толугу менен кесүүнү сунушташкан.

Жергиликтүү дарыгерлерге ишенбей калган эне ошол эле түнү туугандарынан акча чогултуп, кызын Түркияга алып кеткен. Ал жакта кыздын бутун сактап калууга аракеттер жасалса да, кеч болуп калгандыктан, тизеден ылдый кесүүгө туура келген. Жети айда кыз 10 оор операцияны башынан өткөрүп, 60 миң доллар сарпталган.

Эненин кайрылуусунун негизинде, акыйкатчы Жамиля Жаманбаева бир катар мамлекеттик органдарга кайрылды:

  • Саламаттык сактоо министрлигин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлеринин диагнозу менен дарылоосунун тууралыгын иликтөө үчүн комиссия түзүүгө чакырды.
  • Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кызга жана энесине психологиялык жардам көрсөтүү боюнча кат жөнөттү.
  • Агартуу министрлигинен кызга онлайн окууну уюштурууга көмөк көрсөтүүнү суранды.
  • Ички иштер министрлигинен арыз боюнча кандай чаралар көрүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат берүүсүн өтүндү.
  • Түркиянын акыйкатчысына медициналык анализдерди жана корутундуларды алууга жардам сурап кайрылды.

Бул иш учурда Ленин РИИБинде каралып жатат. Акыйкатчы бул окуяны өзүнүн көзөмөлүнө алып, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатына мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү керектигин баса белгиледи.