Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Социалдык тармактарда медицина кызматкерлеринин айлык маянасы боюнча квитанциянын сүрөтү “айлык көбөйгөндөн кийинки сумма” катары тарап, коомдо туура эмес түшүнүк жаратты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон түшүндүрүшкөндөй, тарап жаткан квитанцияда март айына эсептелген эмгек акы көрсөтүлгөн.
Президенттин жарлыгына ылайык, медицина кызматкерлеринин айлыгы 1-апрелден тарта көбөйтүлдү. Март айында эмгек акы мурдагы эсеп менен берилген, ал эми жогорулатылган эмгек акы апрель айынын жыйынтыгы менен, айдын аягында төлөнөт.
“Тараган квитанцияда толук ставка эмес, 0,5 ставкада иштеген кызматкердин эмгек акысы көрсөтүлгөн. Мурда мындай ставка 8 617 сомду түзсө, азыр болжол менен 13 500 сомго чейин жогорулайт. Мындан тышкары, 7 500 сом өлчөмүндө президенттик компенсация кошулуп, жалпы эмгек акы 21 миң сомго чейин жетет”, — деп айтылат маалыматта.
Министрлик толук ставкадагы дарыгерлер үчүн мисал келтирди:
1 ставка (10 жылдык тажрыйба, II квалификациялык категория):
- Базалык маяна: 27 104 сом
- Иш стажы (10%): 2 710 сом
- Квалификациялык категория үчүн кошумча: 2 000 сом
- Жалпы эсептелген эмгек акы: 31 814 сом
- Ага кошумча президенттик компенсация: 15 000 сом
- Жалпы эсептелген сумма: 46 814 сом
- Колуна: 39 260 сомго чейин.
Буга байланыштуу министрлик медицина кызматкерлерин жана ЖМК өкүлдөрүн расмий такталган маалымат толук жарыяланганга чейин такталбаган маалыматтарды таратуудан карманууну суранат. Ошондой эле бардык эсептөөлөр жана түшүндүрмөлөр даяр болгондо маалымат берилерин кошумчалайт.