Дары ичпейм, ооруп жатпайм десеңер чуркагыла - Жамиля Орозова

Маек Загрузка... 03 Ноябрь 2025 11:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Сергек жашоо образынын үлгүсүн көрсөткөн 57 жаштагы Жамиля Орозова алгач мектеп курагынан эле өз алдынча чуркоону баштаган. Акыркы 5 жылдан ашык убакыттан бери эл аралык марафондорго катышып, Кыргызстандын атын чет өлкөлөрдө да даңазалап келет. Ал үчүн чуркоо - жөн гана спорт эмес, жашоосунун бир бөлүгү, ички тартиптин жана эрктүүлүктүн белгиси. Төмөндө чуркоо аркылуу жетишкен ийгиликтери, алган тажрыйбасы жана сергек жашоого болгон көз карашы тууралуу каарманыбыз “Кабар” маалымат агенттигине маек берди.

Сиз негизи эмне үчүн чуркайсыз?

— Ден соолугум чың, сергек жана физикалык жактан мыкты формада болуу үчүн чуркайм. Дайыма чуркап жүргөн адам эч бир ооруну тоготпойт. Мисалы, мен сасык тумоо сыяктуу сезондук оорулар менен дээрлик оорубайм. Ал гана эмес ковид пандемиясы учурунда да ооруган жокмун, күнүгө чуркап эле жүрдүм. Мүмкүнчүлүгүмө жараша чуркайм, эгер кышында аба ырайы суук болсо 1 саат, ал эми жылуу убакытта 2 сааттан чуркайм. Негизи мектеп курактан бери, кийин институтта окуп жүргөн кезде да чуркап жүрчүмүн. Бирок, 2019-жылдан тартып дайыма үзгүлтүксүз чуркап баштадым.

Эл аралык марафондорго катышып байгелүү орундарга ээ болгонуңузду билебиз. Жалпы канча марафонго катыштыңыз?

— 2021-жылы алгач Казакстандын Алматы шаарында өткөн марафонго катыштым. Эки жолу Алматыда, Турциянын Стамбул шаарында, Ысык-Көлдө, бир жолу Араб Эмиратында жана жакында эле Чикаго шаарында өткөн марафондордо чуркадым. Ошондо жалпы 8 марафонго машыктыруучум Леонид Пыхтеевдин жетекчилиги астында катыштым. Байгелүү орундар тууралуу айтсам, 2023-жылдын 5-ноябрында Стамбул шаарында өткөн эл аралык марафондо 3-орунга ээ болдум. 2024-жылдын декабрь айында Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында 42,2 км аралыкты 3 саат 56 мүнөт 5 секундда чуркап, аялдар арасында 37-орунга жетиштим. Мында 51-60 жаш категориясындагы катышуучулардын арасынан 3-орунду ээлеп, рекордумду 12 мүнөткө жакшыртууга жетиштим. Жакында эле АКШнын Чикаго шаарында өткөн 47 - Чикаго марафонунун катышуучусу болдум. Ал эми кесибим инженер-электрик, 1993-жылдан бери Чүй электр тармактары ишканасында 6-разряддагы электромонтёр болуп эмгектенем.

— Ден соолукту чыңдоодон тышкары, марафондорго катышуу сизге дагы эмне берет?

— Марафонго катышканда адам өзү менен өзү күрөшөт. 42 км аралык оңой эмес, өзүң менен өзүң психологиялык, эммоционалдык жактан күрөшүп, күчүңдү текшересиң, өзүңдү сынайсың. Жыйынтыгында чоң мативация алып, шыктанасың.

Азыр чуркап ден соолугуна кам көргөндөр көп элеби?

— Ооба, менин байкашымча азыр чуркагандар көп. Эл ден соолугуна кам көрүп, спорт менен машыгып, эртели-кеч чуркагандар көбөйдү. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып элибизди спорт менен машыгууга, чуркоого чакырып кетмекчимин. Өзгөчө жаштарга айтарым телефонду көп карабай чуркагыла. Чуркагандан башка тоого баргыла, велосипед тепкиле, сууга сүзүү менен алектенгиле. Спорттун бардык түрү пайдалуу. Кандайдыр бир максат коюп машыксаңар, жыйынтыгы сөзсүз болот. Азыр мен 57 жаштамын, деним сак, ден соолугум чың.

Өзүңүз теңдүү замандаштарыңызга кеңешиңиз?

— Отура бергенче бир күнү жөө басып, бир күнү чуркап, кийинки күнү эс алып аракет кылса, акырындан жыйынтык болот. Ар ким өз ден соолугуна өзү кам көрүш керек. 50 жаштан өткөндөн кийин дары ичпейм, ооруп жатпайм, ден соолугум чың болсун десеңер кыймылда болуп чуркагыла. Таза абада чуркоо кан айлануу системасын жакшырат. Мисалы, мен кан басымдын жогорулап же төмөндөп кетишине байланыштуу оорулардын эмне экенин билбейм. Бизде 50 жаштан өйдө курактагы айымдар иштеген иши, үй жумушу же небере багуу менен алектенип өздөрүнө жетишээрлик көңүл бурбай калышат. Ооба, аны да кылыш керек, бирок өзүңөрдү да унутпагыла. Чуркоого чек жок, бардык куракта чуркаса болот. Ал эми чуркаганга шарт жок, жер жок деген жөн эле шылтоо.