Бишкек, 31.07.25 /Кабар/. Бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Дары-Дармек” мобилдик тиркемеси коомчулукка тааныштырылды. Тиркеме Дары-дармек жана медициналык жабдуулар менен камсыздоо департаменти тарабынан иштелип чыккан.

Ал аркылуу жарандар дары-дармектер жөнүндө маалымат алып, баасы жогорулатылгандарына даттануу таштаса болот. Андан сырткары тиркемеде башка дагы мүмкүнүлүктөр каралган.
Тиркеменин иштеп чыккан Мирбек Кудуретовдун айтымында, тиркемеге дарынын атын киргизсе, учурда ошол дары бар жакынкы дарыкаларды көрсөтүп бере алат.

“Ошондой эле шайкештик сертификатын колдонуу менен дары-дармектин аныктыгын текшерүү, шайкештик сертификатын колдонуу менен дары-дармектин аныктыгын текшерүү деген сыяктуу функциялары бар. Тиркеме мынан ары да жакшыртылат”,-деди ал.
Дары-дармек жана медициналык жабдуулар менен камсыздоо департаментинин директорунун орун басары Мариям Жанкорозованын билдирүүсү боюнча кайсы бир дарыканада кайсы бир дары-дармектин баасы жогорулатылган болсо чекти сүрөткө тартып, тиркеменин даттануу деген бөлүгүнө киргизүү керек. Андан ары аны автоматтык түрдө Монополияга каршы агенттигине түшөт. Андан ары тийиштүү чаралар көрүлөт.

“Кыргызстандын бардык аймактарында дары-дармектердин баалары бирдей болушу керек. Валюта курсу же башка бир себептер менен кайсы бир дарынын баасы кымбаттай турган болсо, ошого жараша тиркемеге өзгөрүүлөр киргизилип турат”, - деди ал.
Тиркеме смартфондордогу iOS жана Android системалары үчүн жеткиликтүү. Буга чейин тесттик режимде иштетилип келген болсо, мындан ары толук түрдө иштей баштады.