Бишкек, 14.02.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпиндин жолугушуусу болуп өттү.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын тарыхый маанисин белгилешип, эки тараптуу кызматташуунун кеңиричөйрөсүн, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды, инвестицияларды тартуу, транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү жана каржылык кызматташуу маселелеринталкуулашты.
Кыргызтарап эң жогорку деңгээлде жетишилген бардык макулдашууларды ишке ашыруу, атап айтканда, соода жүгүртүүнү жогорулатуу, соода жана инвестиция үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. Биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну тездетүүбоюнча далилдүү сунуштар айтылды.
Өз кезегинде Кытайдын Кыргызстандагы элчиси кытай тараптын Кыргызстан менен артараптуу кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө даярдыгын ырастап, пландар
ийгиликтүү ишке ашаарына ишенерин билдирди.