Дания аскердик кызмат өтөөнүн мөөнөтүн үч эсеге көбөйттү

Дүйнө Жүктөлүүдө... 05 Август 2026 15:55
daniya-uvelichila-srok-sluzhby-v-armii-s-ch-1000x600.webp
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. Данияда милдеттүү аскердик кызмат өтөөнүн мөөнөтү 4 айдан 11 айга чейин көбөйтүлдү. Бул тууралуу Коммерсант гезити жазды.

Маалыматка ылайык, эреже 3-августта жаңы чакыруу өнөктүгү башталгандан тартып күчүнө кирди. Анын алкагында Коргоо министрлиги 1600 адамды аскерге чакырууну пландоодо.

Быйылкы чакырылгандардын бири 19 жаштагы принцесса Изабелла, падыша Фредерик X`нун кызы деп айтылууда. Жергиликтүү маалымат каражаттары буга чейин ал кызмат учурунда алууга укуктуу болгон төлөмдөн баш тартканын жазышкан. Даниянын аскер кызматкерлери айына 14 миңден 15 миңге чейин даниялык крон (1800-2 миң евро) алышат.

Даниядан тышкары, Европа биримдигинде милдеттүү аскердик кызмат Австрия, Греция, Кипр, Латвия, Литва, Финляндия, Хорватия, Швеция жана Эстонияда сакталып калган.