Бишкек, 18.09.26. /Кабар/. Күн мурун өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Нарын облусуна барып, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Эркинбек Чекирбаев менен биргеликте кооптуу тилкелердин абалы жана бир катар объектилердеги иштердин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында министр Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылындагы дамбаны калыбына келтирүү иштерин, Нарын районунун Жан-Булак айылындагы Нарын дарыясынын жээгинин жешилүү абалын жана Дөбөлү айыл аймагынын Сейил-Булак тилкесин көрүп чыкты. Ошондой эле Ат-Башы дарыясынын жээгин бекемдөө жана Ат-Башы айылында дамба куруу маселелери каралды.
Мындан тышкары, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн жаңы имараттарынын, ошондой эле Нарын районунун Таш-Башат айылындагы Д. Мамбетова атындагы жана Ак-Талаа районунун Терек айылындагы К. Молдобасанов атындагы мектептердин курулушунун жүрүшү текшерилди.
Канатбек Чыныбаев жергиликтүү тургундар менен да жолугуп, алардын көйгөйлөрүн укту жана тиешелүү маселелерди чечүү боюнча министрликтин облустагы бөлүмдөрүнө тапшырмаларды берди.