Даиров: Бирдиктүү маалыматтык мейкиндик ШКУнун максаттарын ишке ашырууга жол ачат

ШКУ Жүктөлүүдө... 27 Июль 2026 10:08
WhatsApp Image 2026-07-27 at 10.01.33.jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алдыдагы саммитине даярдыктын алкагында өтүп жаткан ЖМК жана аналитикалык борборлордун форуму уюмдун маалыматтык жана изилдөө багытындагы кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине эл аралык баяндамачы Ысмаил Даиров билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө ШКУ дүйнөлүк аренада барган сайын маанилүү геосаясий ролду ойной баштады. Уюмдун таасири өсүп, мамлекеттер аралык кызматташтыкты тереңдетүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда.

“Бул форум ШКУ саммитине даярдык көрүүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат. Жакын арада өтө турган жогорку деңгээлдеги жолугушууга уюмга мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери жана иш алып баруучу түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышат. Ошондуктан бүгүндөн тарта маалыматтык мейкиндикти бириктирүү өзгөчө мааниге ээ”, — деди Даиров.

Ал белгилегендей, акыркы 25 жыл ичинде ШКУнун алкагында кабыл алынган максаттар, принциптер жана милдеттер эми практикалык деңгээлде ишке ашырылышы зарыл. Бул багытта ЖМК жана аналитикалык борборлор чоң иш алып барууда.

“Негизги максат — бирдиктүү маалыматтык мейкиндик түзүү. Мында ар бир өлкөнүн маалымат каражаттары жана эксперттик коомчулугу бири-бирин туура түшүнүп, жалпы өнүгүү багытында иш алып баруусу керек”, — деп кошумчалады ал.

Ошондой эле ал дүйнөдөгү азыркы геосаясий кырдаалга токтолуп, айрым аймактарда болуп жаткан кагылышуулар глобалдык туруксуздукту күчөтүп жатканын белгиледи. Анын пикиринде, мындай шартта ШКУга мүчө мамлекеттер тынчтыкты, туруктуулукту жана өнүгүүнү биринчи орунга коюшу керек.

“Бүгүнкү күндө дүйнөдө чыңалуу күчөп жатат. Бирок биз үчүн эң маанилүүсү — өнүгүү, өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык. Ошондуктан маалымат каражаттары бирдиктүү, координацияланган позицияда болуп, өз өлкөлөрүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоого салым кошуусу зарыл”, — деди Даиров.

Ал ошондой эле ЖМК өкүлдөрү жана аналитикалык борборлор биргелешип иш алып баруу аркылуу аймактагы туруктуулукту бекемдөөгө жана ШКУнун алкагындагы кызматташууну жаңы деңгээлге чыгарууга көмөк көрсөтөрүн белгиледи.

Эске салсак, бүгүн Бишкек шаарында алгачкы жолу ШКУга мүчө мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттары жана аналитикалык борборлорунун форуму өтүүдө. Иш-чараны Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги жана Кытайдын Синьхуа маалымат агенттиги биргелешип уюштурууда.