Кечээ эле Кыргызстан менен Тажистандын ортосундагы чек ара маселесине чекит коюлуп, эки мамлекеттин ортосунда тынчтык орноор замат, бүгүн Кытай Эл Республикасынан жакшы сунуш түштү.
Кытай – прагматикалык өлкө, ар бир учурга өзгөчө маани берип, кызматташтыкты өнүктүрүүгө аракет жасап келет. Ошондуктан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда талаш тартыш болгонун каалабайт, бул региондо тынчтык орногону Кытай үчүн абдан маанилүү.
Мына бул жолу дагы Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Аксу районунун губернатору Адили Али министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен жолугушууда Аксу-Бедел-Балыкчы темир жолун куруу демилгесин көтөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. “Бедел” өткөрүү пунктунун инфраструктурасын өнүктүрүүгө, чек ара пунктунун транспорттук-логистикалык жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жана туризм үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Адистер белгилегендей, бул аймак биздин республиканын өнүгүүсү үчүн чоң мааниге ээ. Кытайдан келген магистралдык линия Ысык-Көлдүн түштүк жээги аркылуу Балыкчыга өтөт, ал жерден Евразиянын транспорттук системасына чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Бишкек багытындагы иштеп жаткан темир жолго кошула алат.
Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров белгилегендей, бул Кыргызстандын жакынкы коңшулары менен логистикалык байланышын бекемдеп, жакшыртат. Башкача айтканда, өлкөбүз жаңы Жибек жолу менен өсүп жаткан Евразиялык экономикалык мейкиндигинде байланыша турган ыңгайлуу жүк ташуу хабына айлануу жолунда баратат.

«Албетте, бул Кыргызстан үчүн экономикалык, логистикалык жана социалдык пайда алып келет. Бул жүк ташуулардын олуттуу өсүшү, башкача айтканда, биз Кытайды ЕАЭБ өлкөлөрү жана андан ары Европа өлкөлөрү менен байланыштырган транспорттук коридордун маанилүү бөлүгүнө айлануудабыз. Бул республиканын позициясын бекемдейт. Ал эми дагы бир темир жолдун курулушу башталганын эске алганда, бул дагы бир чоң кадам. Кытайдан Кыргызстандын түштүк облустары аркылуу Өзбекстанга жана Перс булуңунун өлкөлөрүндөгү портторго чыгуу мүмкүнчүлүгү болот.
Өнүккөн транспорт түйүнү ташуу убактысын жана наркын кыскартат. Бүткүл дүйнө боюнча темир жол транспорту эң жеткиликтүү транспорттордун бири бойдон калууда, ошол эле учурда жүктөрдүн олуттуу көлөмүн ташуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Ошондуктан, мындай долбоорлор инфраструктурага эл аралык инвестицияларды дайыма магнит сыяктуу тартып турат. Мындай темир жолу ар дайым автомобиль жолдорунун курулушуна параллелдүү өнүгүп келет. Башкача айтканда, биз муну менен башка тармактарда – курулушта, энергетикада, өнөр жайда жана машина курууда чоң ийгиликтерге жетсе болот.
Андан сырткары Кыргызстандын ичинде абдан ыңгайлуу логистиканы түзөбүз. Бул азыртадан эле борбордун же ири шаарлардын жана алыскы аймактардын ортосундагы экономикалык айрыманы бир топ кыскартууга мүмкүндүк берет.
Албетте, бул Кыргызстанга ар кайсы багыттардан келген туристтердин агымын ар тараптуу көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Ысык-Көлдүн курорттук аймагына поезд менен жетүү мүмкүн болушу өзгөчө маанилүү. Бул жаңы эс алуу борборлорун, мейманканаларды жана ресторандарды курууну талап кылат», – деп жыйынтыктады Төлөнбек Абдыров.
Келечекте Борбор Азия регионундагы кепилдүү туруктуулук, бул аймакты дүйнө жүзүндөгү экономикалык өнүккөн борборлордун бирине айлантат деген үмүт бар.