Бишкек, 28.09.25. /Кабар/. Бишкекте дагы бир кош бойлуу келин патрулдук милициянын унаасында көз жарды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын милициясынын кайгуул кызмат башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ кайгуул кызматтын кызматкерлери медициналык мекемеге бара жатып толгоосу келип калган аялга жардамга келишкен.
Төрөтканага жетпей наристе милициянын унаасында төрөлгөн.
Кызматкерлердин ыкчам аракетинин жана кесипкөйлүгүнүн аркасында эне-балага керектүү жардам көрсөтүлүп, тез арада дарыгерлерге жеткирилген. Медицина кызматкерлеринин айтымында, алардын абалы туруктуу экени айтылды.
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын жетекчилиги кызматкерлерине ишине берилгендиги, адамгерчилиги жана эң татаал кырдаалдарда аракеттенүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Башкармалыктан белгилешкендей, турмуштагы мындай мисалдар милициянын тартипти жана коопсуздукту сактоодогу иши менен гана чектелбестен, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна чындап кам көрүү экенин көрсөтүп турат.
Эске салсак, күн мурун иш учурунда кайгуул кызматтын кызматкерлери унаасы менен кош бойлуу келинди жакынкы төрөтканага алып бара жатканда наристе жарык дүйнөгө келген болчу.