Дагы бир алтын. Мээрим Жуманазарова Ислам шериктештиги оюндарынын чемпиону

Спорт 21 Ноябрь 2025 09:10
586332872_18380995780196946_4204185803266966007_n.jpg
582104374_18380995771196946_4197260916926352466_n.jpg
583863300_18380995798196946_7252559234811339858_n.jpg
587351797_18380995789196946_8583293006244782476_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 21.11.25. /Кабар/. Балбан Мээрим Жуманазарова VI Ислам шериктештиги оюндарынын жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык спортчу 68 кг салмак категориясында күч сынашты. Ал алгачкы беттешинде бангладештик Халима Актерди 6:0, андан соң азербайжандык Нигар Мирзазаданы 12:1 эсеби менен жеңип, турнирдин финалына чыкты.

Чечүүчү финалдык кармашта Мээрим Жуманазарова өзбекстандык Светлана Окназарованы 11:0 эсеби менен утуп, VI Ислам шериктештиги оюндарынын жеңүүчүсү аталды.