Бишкек, 25.06.25 /Кабар/. 23-июнда Кыргызстандын Швейцариядагы элчилиги Switzerland Global Enterprise менен биргеликте Цюрих шаарында бизнес тегерек стол өткөрдү.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага швейцариялык компаниялардын 40тан ашык өкүлдөрү, ошондой эле Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов баштаган Кыргызстандын делегациясы катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө делегациянын жетекчиси Болотов, транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары А.Тургунбаев, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү А.Турдалиева, "Кыргызэлектроника" компаниясы, ошондой эле Швейцариянын Schwihag AG жана SICPA SA компаниялары тарабынан презентациялар тартууланды.
Тегерек стол 9 жылдык тыныгуудан кийин 24-июнда Берн шаарында өткөн кыргыз-швейцариялык биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын 5-жыйынына карата уюштурулду.