Чыныгы элдин өкүлдөрү курултайдын делегаттары - Айбек Субанов

Коом Загрузка... 25 Сентябрь 2025 10:00
WhatsApp Image 2025-09-25 at 09.53.53.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. Чыныгы элдин өкүлдөрү курултайдын делегаттары. Мындай пикирин 1-2-3-Элдик курултайдын делегаты Айбек Субанов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, курултайдын делегаттары өкүлчүлүктүү орган катары 12 ай бою элдин арасында болуп, элдин демин кармап, көйгөйүн билип турган элдин өкүлдөрү болушат.

“Ал эми депутаттар булар мыйзам чыгаруучу орган. Алар да элдин өкүлдөрү бирок, депутаттар мыйзам жазып, ошол мыйзамдын аткарылышын карашат. Үч ай каникул убагында эл менен жолукпаса чыныгы элдин өкүлдөрү курултайдын делегаттары деп ойлойм. Экинчиден курултай мыйзамы башында бир жылдык мөөнөтү, укуктары менен жазылып, президентибиз жакшы ой менен баштап берген. Бирок, депутаттарда биз элдин өкүлүбүз деген кызганыч болдубу, бир күндө курултай өтүүчү убакта шайланасыңар, келип өзүңөрдүн сунуштарды, байкооңорду айтасыңар андан кийин мөөнөтүңөр бүтөт деп мыйзамга жазып койгон. Ошол себептен мыйзам чийки”, - деди Субанов.

Ошондой эле ал шайланып келе жаткан делегаттар эки күндүн ичинде айылындагы көйгөйүн берилген 3 мүнөттүн ичинде президентке айтып жетишүү менен алек болуп, мыйзамдуулук жагынан, мыйзамга өзгөртүү киргизүү жагынан аксап тураарын кошумчалады.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайды өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Курултай 2025-жылдын 22-декабрында Бишкекте өтөт.