Асел Чынбаева БА өлкөлөрүнүн балдар омбудсмендеринин I эл аралык форумуна катышты

Коом 13 сентябрь 2025 23:50
68c5791fdd74e-thumb.jpeg
68c57923a8198-thumb.jpeg
68c57923e68b6-thumb.jpeg
68c57924cff6a-thumb.jpeg
68c579200d9ba-thumb.jpeg
68c579226a447-thumb.jpeg
68c5792029b56-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
68c5791fdd74e-thumb.jpeg
68c57923a8198-thumb.jpeg
68c57923e68b6-thumb.jpeg
68c57924cff6a-thumb.jpeg
68c579200d9ba-thumb.jpeg
68c579226a447-thumb.jpeg
68c5792029b56-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 13.09.25. /Кабар/. 11–12-сентябрда Өзбекстандын Ташкент шаарында «Борбор Азия өлкөлөрүндө балдардын укуктарын коргоо механизмдерин күчөтүүнүн актуалдуу маселелери: Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн аймактык өз ара аракеттенүүсү» деген темада I эл аралык форум болуп өттү. 

Форумдун ишине Борбор Азия өлкөлөрүнүн Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле Европанын бир катар мамлекеттеринин – Финляндия, Хорватия жана Норвегиянын балдар омбудсмендери, парламенттик түзүмдөрдүн, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. 

Форумга Кыргызстандын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева катышты. Ал Борбор Азия өлкөлөрүндөгү балдардын абалына улуттук мониторингдин өзгөчөлүктөрүнө арналган пленардык сессияда баяндама жасап, бул жаатта Кыргызстандын тажрыйбасы менен бөлүштү. 

Форумдун программасынын алкагында балдарды зомбулуктун бардык түрлөрүнөн коргоо, алардын сот адилеттигине жетүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле балдардын санариптик мейкиндиктеги коопсуздугунун көйгөйлөрү каралды. 

Форумдун жыйынтыгында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн Декларациясына кол коюлду. 

Иш сапарынын жүрүшүндө Борбор Азия өлкөлөрүнүн Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен да жолугушту. 

Борбор Азиянын балдар омбудсмендеринин аймактык платформасын түзүү жөнүндө кабыл алынган чечим форумдун негизги жыйынтыктарынын бири болуп саналат жана балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча биргелешкен ишмердүүлүк үчүн жаңы келечекти ачат.