Чыйырчык ашуусунда Алымбек датка менен Курманжан датканын айкелдери ачылды

Коом 11 сентябрь 2025 10:10
545696938_122184214382368081_2721003484454476588_n.jpg
546627880_122184214232368081_4464308549901417694_n.jpg
546684328_122184214586368081_7486455449249333668_n.jpg
546573502_122184214748368081_7245042318237275463_n.jpg
545327110_122184214550368081_8776176722046081175_n.jpg
546284783_122184214082368081_4634702805282756383_n.jpg
545385520_122184214628368081_565077483241626609_n.jpg
546447023_122184214820368081_569107117243324228_n.jpg
547285448_122184214184368081_2902945496881523463_n.jpg
545529582_122184214790368081_7138595829855687375_n.jpg
546629060_122184214862368081_7688902675652525539_n.jpg
545433421_122184214064368081_8921329850210047168_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 11.09.25. /Кабар/. Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине карата Ош облусунун Алай районуна караштуу Чыйырчык ашуусунда Алымбек датка менен Курманжан датканын айкелдери жана конок тосууга ылайык курулган атайын жай түрдө ачылды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Алымбек датканын урпактары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Конок тосуучу жайда төмөнкү шарттар түзүлгөн:

- Тамактануучу жай;

- Намазкана;

- Фотозона — туристтер үчүн эсте калаарлык сүрөткө түшүүчү атайын жасалгаланган аймак;

- Терраса — тоо көрүнүшүнөн ырахат алууга мүмкүнчүлүк берген аянтча;

- Эс алуу зонасы — отургучтар жана көлөкөлүү жайлар менен камсыздалган;

- Санитардык талаптарга жооп берген ажаткана.

Ошондой эле, Чыйырчык ашуусунан Алай районунун борборуна кире беришке чейинки 9,5 км жол толук жарыктандырылды. Бул багыттагы иштердин сметалык баасы 9 725 113 сомду түзүп, анын 5 млн сому Алай райондук өнүктүрүү фондунан, 4 725 113 сому жергиликтүү бюджеттен каржыланган.