Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Казакстандын Астана шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине карата маданий иш-чаралар башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен уюштурулган бул иш-чаралар Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын артисттери тарабынан даярдалган.
Маданий программанын алкагында "Жамийла" жана "Раймалы менен Бегимай" мюзиклдери казак көрүүчүлөрүнө жана мекендештерге сунушталат.
Иш-чарага эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү, анын ичинде Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Казакстандын илим жана жогорку билим берүү министри Нурбек Саясат, ошондой эле жазуучунун уулу Элдар Айтматов катышты.
Бул маданий сапар Чыңгыз Айтматовдун мурасын даңазалоо менен бирге, кыргыз-казак элдеринин руханий байланышын чыңдоону көздөйт.
Эске салсак, иш-чаралар жазуучунун 100 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча президенттин атайын жарлыгынын алкагында өтүүдө.