Бишкек, 12.12.25. /Кабар/. Улуттук банк Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып чыгарылган коллекциялык эстелик монеталарды эске салды.
Финансылык жөнгө салуучу органдан маалымдашкандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат.
"Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк адабиятка жана Кыргызстандын маданиятына кошкон салымын эске салат", - деп айтылат маалыматта.
Искусствону жана тарыхты баалагандар үчүн ушул уникалдуу эстелик монеталар улуу сөз чеберинин урпактарга калган дагы бир баалуу мурасы болуп калат.
Белгилей кетсек, бүгүн, 12-декабрда дүйнөлүк адабияттын белгилүү классиктеринин бири, улуу кыргыз жазуучусу жана ойчулу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Жазуучу көзү тирүү болгондо 97 жашка чыкмак. Анын кыргыз жана орус тилдеринде жазылган чыгармалары дүйнөнүн 150дөн ашык тилине которулган жана бүгүнкү күндө да бүтүндөй дүйнө жүзүндөгү окурмандарды шыктандырып келет.