Чыгыш-5 кичи районунда 360 орундуу бала бакча оңдолууда

Коом 21 август 2025 15:10
1755765657.png
1755765664.png
1755765670.png
1755765675.png
1755765688.png
1755765694.png
Алдыга
Артка
1755765657.png
1755765664.png
1755765670.png
1755765675.png
1755765688.png
1755765694.png
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 21.08.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи районунда 360 орундуу бала бакчанын капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бала бакча толугу менен реконструкцияланууда. Бүгүнкү күндө тышкы жана ички инженердик тармактардын орнотуу иштери аяктаган, терезе блоктору орнотулду жана чатыр жасалды. Учурда айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, ички жасалгалоо жана фасадды орнотуу иштери жүрүп жатат.

Бала бакча эки кабаттуу, имаратынын жалпы аянты 2 794,6 чарчы метрди түзөт.

Белгилей кетсек, бала бакчанын имараты муниципалитетке УКМК менен биргеликте жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында кайтарылган.