Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. Чүй облусунда «Көчмөн Сити» турак жай комплексинин курулушу башталды.
Жалпы 20 гектар аянтты камтыган бул заманбап комплекс 86 көп кабаттуу блоктон туруп, бардык курулуш иштери улуттук жана эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлөт. 86 блоктун 27си 24 кабаттуу, ал эми 59у 20 кабаттуу болуп курулат. Туруктуу жылуулук жана электр менен камсыздоо үчүн өзүнүн отканасы жана көмөкчордону каралган. Ошондой эле аймакта 3 мектеп, 4 бала бакча, жашыл эс алуу зоналары жана 3 унаа токтотуучу жай курулат.
Бул турак жай комплексти жеке курулуш компания элдин үлүштүк салымы менен курмак болуп, бирок иш алдыга жылган эмес. Эл менен жеке курулуш компаниянын ортосунда жаңжал чыгып турган. Мамлекет талаш маселеге чекит коюп, ипотекалык үйлөрдү куруп баштады. Курулуш иштери эки баскыч менен жүрөт:
Биринчи этап – 27 блок, анда:
- 1 бөлмөлүү – 943 батир;
- 2 бөлмөлүү – 1840 батир;
- 3 бөлмөлүү – 322 батир;
- Аппартаменттер – 52 ;
- Жалпы аянты: 333 450 чарчы метр.
Экинчи этап – 59 блок, анда:
- 1 бөлмөлүү – 1425 батир;
- 2 бөлмөлүү – 3876 батир;
- 3 бөлмөлүү – 304 батир;
- Аппартаменттер – 236;
- Жалпы аянты: 616 796,62 чарчы метр.
«Көчмөн Сити» турак жай комплексиндеги батирлер Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу:
- Кезекте турган социалдык багыттагы кызматкерлерге;
- 50% үлүш кошуу шарты менен жарандарга жеңилдетилген шартта сунушталат.
Ошондой эле атайын квота менен Чүй облусунун Күн-Туу айыл өкмөтүнүн тургундарына берилмекчи.