Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Асман Резиденс-1” турак жай комплексинин салтанаттуу ачылыш аземинде 2 млрд долларды түзгөн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталын мындан ары көбөйтүү зарылдыгына токтолду.
Президент 2030-жылга чейин Мамлекеттик ипотекалык компания райондук борборлордо, чакан шаарларда жана айылдарда турак жай курулуштарын кеңейтүүнү пландап жатканын баса белгиледи. Жеке турак жай фондун, анын ичинде өткөн кылымдын орто ченинде курулган үйлөрдү жаңыртууга жана модернизациялоого өзгөчө көңүл бурулат.
Садыр Жапаровдун айтымында, азыркы учурда өлкө боюнча 150-200 миңге жакын үй-бүлө турак жайга муктаж, алардын ичинен 100 миңге жакын үй-бүлөнү 2026-2027-жылдары турак жай менен камсыз кылуу мерчемделүүдө.
Садыр Жапаров мамлекет алдына узак мөөнөттүү милдетти – 2030-жылга чейин Кыргызстандагы турак жайга муктаж болгон бардык үй-бүлөлөрдү жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылууну коюп жатканын баса белгиледи.