Бишкекте "Тянь-Шань Бермети" турак жай комплексинин курулушу башталды

Коом Загрузка... 16 Декабрь 2025 20:13
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Иш башкармалыгы

Бишкек, 16.12.25. /Кабар/. Бүгүн, 16-декабрда Бишкек шаарында "Тянь-Шань Бермети" аттуу жаңы заманбап турак жай комплексинин курулушуна расмий түрдө старт берилди. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган турак жай комплексинин долбоору Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан ишке ашырылууда, ошондой эле курулуштун 15% МИКтин балансына өтөт.

Турак жай долбоору 23төн 34 кабатка чейинки ар түрдүү бийиктиктеги 11 блоктон турат. Комплекс 15 850 чарчы метр жер тилкесине курулуп, батирлердин жалпы аянты 105 600 чарчы метрди түзөт. Бардык мунаралар бирдиктүү архитектуралык стилде долбоорлонгон.

Курулушка старт берүү аземинде министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев долбоордун маанисине токтолду.

"Курулуп жаткан турак жай комплекси функционалдуулугу менен гана эмес, өзүнүн өзгөчө архитектуралык көрүнүшү менен да айырмаланат. Заманбап дизайн, эстетикалык формалар жана шаардык мейкиндикке шайкеш пландоо бул объектти шаарыбыздагы эң кооз жана престиждүү жайлардын бирине айлантат. Келечекте бул комплекс шаар үчүн маанилүү ориентир болуп, элдин эсинде калуучу, таанымал жана символдук объект катары белгилүү болот", — деди ал.

Комплекс пайдаланууга берилгенден кийин анын батыш жана түштүк тарабында коммерциялык жайлар ишке кирет. Алардын катарында соода объектилери, ресторандар, кызмат көрсөтүү борборлору, кинотеатр жана эс алуу зоналары болот. Мындан тышкары, жогорку кабаттарда бассейн жана жашыл бакча жайгаштырылат.