Бишкек, 30.09.25. /Кабар/. Кытайдын Чунцин шаарында Кыргыз-Кытай соода-экономикалык кызматташтык борбору ачылды.
Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, ал Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгү тарабынан расмий түрдө авторизацияланган.
Борбордун салтанаттуу ачылыш аземине экономика министринин орун басары Султан Ахматов катышты.
"Бул борбор кыргыз-кытай бизнес-коомчулугу үчүн платформа катары кызмат кылат, ошондой эле аталган борбордун аймагында кыргыз ишкерлери өз компанияларын каттап, ишмердүүлүгүн акысыз жүргүзө алышат", - деди ал.
Белгиленгендей, борбордун жалпы аянты 300 чарчы метрди түзөт.