Чукул билдирүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлөт

Коом Загрузка... 15 Июль 2025 16:47
1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 15.07.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында күн күркүрөп, түштүк-батыштан ылдамдыгы секундасына 15-17 метрге жеткен каттуу шамал катталышы мүмкүн.

ӨКМ мындай учурунда коопсуз жайларда болууну эскертет.

Кандайдыр бир кырдаалга туш болосоңуз "112" кызматына токтоосуз билдириңиз.