Чукул билдирүү! Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Аймак Загрузка... 23 Март 2026 18:10
WhatsApp Image 2026-01-16 at 16.14.07.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-марттан 28-мартка чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Атап айтканда:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Чычкан капчыгайы жана Ала-Бел ашуусу;
  • Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда;
  • Красная Горка – Акташ унаа жолунун 0–2-чакырымдарында;
  • Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун Долон ашуусу;
  • Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 201–205, 260–290 жана Көк-Арт ашуусунда.

Мындан улам ӨКМ унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо зарылдыгын эскертет. Кырсык болгон учурда "112" кызматына чалууну, зарылдык болбосо алыс жолго чыкпай турууну сунуштайт.