Чукул билдирүү! Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлөт

Коом 1 август 2025 16:40
Чукул билдирүү! Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлөт

Бишкек, 01.08.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалга байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Ага ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен каттуу шамал катталышы күтүлөт.

ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну эскертет.

Кандайдыр бир кырдаалга туш болосоңуз "112" кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.