Чүйдө дыйкандарга түстүү капуста жана брокколини өстүрүүнүн жолдору көрсөтүлдү

Аймак Загрузка... 27 Октябрь 2025 10:20
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 27.10.25. /Кабар/. Москва районунда жергиликтүү дыйкандар арасында жашылча-жемиштерди, өзгөчө түстүү капуста жана брокколи өстүрүү технологиялары боюнча окутуу жана тажрыйба алмашуу максатында талаа күнү уюштурулду.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул жерде сууну үнөмдүү пайдаланууга жана өсүмдүктөрдүн өсүшү үчүн оптималдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берген плёнканын астындагы тамчылатып сугаруу системасы киргизилген.

Тандалган өсүмдүктөр аралык (экинчи) түшүм катары эсептелет, ошондуктан министрлик бул өсүмдүктөрдү дан эгиндерин жыйнап бүткөндөн кийин экинчи түшүм катары өстүрүүнү сунуштайт.

Мындай ыкма айдоо жерлерин рационалдуу пайдаланууга жана жалпы түшүмдүүлүктү жогорулатууга өбөлгө түзөт.

"КыргызЦентрПродукт" компаниясы региондогу дыйкандар менен кызматташууга даяр экенин билдирет жана өндүрүлгөн продукцияны жеткирүү боюнча фьючерстик келишимдерди түзүүнү сунуштайт. Макулдашуунун алкагында компания жашылча көчөттөрүн, ошондой эле агротехнологиялык колдоону — жерди даярдоодон тартып түшүм жыйноого чейин — көрсөтүүгө даяр.