Чубак ажынын элесине арналган Куран жарыш: Баш байгеге 3 унаа берилди

Аймак 02 Апрель 2026 17:30
660484630_1264.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
659770497_1264.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
760b570d-b677-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
760b570d-b677-44ed-a1e7-89a8267f4226.jpeg
Алдыга
Артка
660484630_1264.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
659770497_1264.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
760b570d-b677-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
760b570d-b677-44ed-a1e7-89a8267f4226.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 02.04.26 /Кабар/. Манас шаарында белгилүү дин аалымы, экс-муфтий Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналган республикалык Куран жарышы жыйынтыкталды.

Муфтияттан билдиришкендей, 2 күн бою өткөн Куран сынагында башкалардан айырмаланып, озуп чыккан ар бир категориянын баш байге ээлерине 3 унаа ыйгарылды.

Жеңүүчүлөр:

10 пара боюнча I орун — Укаша Жамалдинов (Spark унаасы);
20 пара боюнча I орун — Муса Мирбеков (Avante унаасы);
30 пара боюнча I орун — Давуд Абдыкадыров (Toyota Venza унаасы).

Калган конкурсанттарга акчалай сыйлыктар жана умра сапарына жолдомолор берилди. Ошондой эле жалпы катышуучуларга дипломдор жана ыраазычылык каттар тапшырылды.

Муфтий Абдилазиз Закиров өз сөзүндө Куран жарышын жогорку деңгээлде уюштурган уюштуруучуларга жана демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдирип, Куранга кызмат кылуу эң улуу иш экенин баса белгиледи.

Ошондой эле ал мындай иш-чаралар жаш муунду тарбиялоодо өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.