Чу дарыясына түшүп кеткен жарандын сөөгү табылды

Кырсык Загрузка... 21 Апрель 2025 10:25
491999597_1077193677786691_1908980141691023915_n.jpg
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 21.04.25. /Кабар/. Күн мурун Чу дарыясына түшүп кеткен 35 жаштагы жарандын сөөгү табылды.

ӨКМден билдиришкендей, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Васильевка айылында 15-апрелде дарыяга 1990-жылы туулган М.А. аттуу эркек киши түшүп кеткен.

Ошол убактан бери издөө улантылып келген. Кечээ куткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында аталган жарандын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.