Бишкек, 18.04.25. /Кабар/. Аламүдүн районундагы Васильевка айылында Чу дарыясына түшүп кеткен 35 жаштагы жаранды издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн издөө иштерин жүргүзүүгө Ысык-Ата райондук өрт-куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылды.
Эске салсак, 15-апрель күнү "112" кызматына Чу дарыясына 1990-жылы туулган М.А. аттуу эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошол убактан бери издөө тынымсыз улантылып жатат.
Буга чейин Аламүдүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №1 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 7 куткаруучу ИИМден, УКМКнын чек ара кызматынан жана туугандарынан издеп жатышкан.
Кошумча маалымат берилет.