ШКУ саммитин өткөрүү – өлкөнү дүйнөгө таанытууга салынган инвестиция – экономист — Кабар

ШКУ саммитин өткөрүү – өлкөнү дүйнөгө таанытууга салынган инвестиция – экономист

Пикир 1 сентябрь 2026 14:30
ШКУ саммитин өткөрүү – өлкөнү дүйнөгө таанытууга салынган инвестиция – экономист
copyright icon WWW

Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин Бишкекте өткөрүү чыгым талап кылган иш-чара эмес, Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга салынган инвестиция болуп саналат. Бул тууралуу экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда Бишкекте дүйнө калкынын болжол менен 40 пайызына жана дүйнөлүк ички дүң продукциянын төрттөн бирине жакынына туура келген мамлекеттердин лидерлери, ошондой эле БУУнун баш катчысы чогулуп жатат.

"7 млн калкы бар өлкө үчүн Евразиянын көңүл борборунда болуу – уникалдуу мүмкүнчүлүк. Эң маанилүүсү, бул бир жолку сапар эмес, Кыргызстандын уюмга төрагалык кылган бүтүндөй бир жылдык ишинин жыйынтыгы. Башкача айтканда, биз жөн гана конокторду кабыл алып жаткан жокпуз, бир жыл бою күн тартибин калыптандырдык", – деди ал.

Экономист саммитти өткөрүүдөн түшө турган экономикалык пайданы үч негизги деңгээлге бөлдү.

Анын белгилешинче, биринчи жана эң тез байкала турганы – түздөн-түз экономикалык таасир. Саммитке даярдык көрүү шаардык инфраструктураны, жолдорду, мейманкана фондун жана аэропортту жаңылоону тездетти. Бул объектилер делегациялар кеткенден кийин да өлкөдө калат. Мындан тышкары, саммит өтүп жаткан күндөрү тейлөө, туризм жана транспорт тармактарына болгон суроо-талап өсөт.

Экономисттин айтымында, экинчи деңгээл – саммиттин алкагындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөр.

choroev_lSyjsG3.width-800.width-800

Ал саммит эки күндүн ичинде кадимки шартта бир нече ай талап кылынышы мүмкүн болгон жолугушууларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берген топтолгон аянтча экенин белгиледи. Анда инвестициялар, транспорттук коридорлор, биринчи кезекте Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу, энергетика, анын ичинде гидроэнергетикалык долбоорлор, санариптик экономика жана улуттук валюталар менен эсептешүүлөр сыяктуу маселелер талкууланат.

Экономист бул багыттардын ар бири аймактын борборунда жайгашкан транзиттик өлкө катары Кыргызстанга түздөн-түз тиешелүү экенин баса белгиледи.

Анын белгилешинче, үчүнчү деңгээл – репутациялык таасир.

"Ийгиликтүү өткөн саммит инвесторлорго жана туристтерге өлкөнүн туруктуу, коопсуз экенин жана дүйнөлүк масштабдагы иш-чараны уюштурууга жөндөмдүү экенин көрсөтөт. Мындай имидждик капиталды сом менен өлчөө кыйын, бирок ал биз үчүн жылдар бою иштейт", – деди Кубан Чороев.

Ал негизги милдет саясий деңгээлде жетишилген макулдашууларды конкреттүү долбоорлорго айландыруу экенин кошумчалады.

"Саммит эшиктерди ачат, бирок ал эшиктен өзүбүз өтүшүбүз керек: меморандумдарды келишимдерге чейин жеткирүү, ШКУнун мүмкүнчүлүктөрүн – ошол эле банктар аралык механизмди жана талкууланып жаткан каржы институттарын – инфраструктурага узак мөөнөттүү каражаттарды тартуу үчүн пайдалануу зарыл. Эгер бул ишке ашса, Бишкек саммитинин экономикалык таасири сентябрь айында эле эмес, жакынкы 5-10 жыл ичинде сезилет", – деп жыйынтыктады экономист.