Инновациялык долбоорлорду колдоо мамлекеттин өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт

Коом 22 сентябрь 2026 13:20

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 22.09.26 /Кабар/. Акселерациялык программа инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга жана жаш ишкерлерди колдоого багытталган. Бул тууралуу "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Нуртилек Качыков “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, программага катышуу үчүн мамлекеттик деңгээлде жана жогорку окуу жайлар арасында атайын конкурстар өткөрүлөт. Ага инновациялык долбоору бар талапкерлер өз долбоорлору менен катыша алышат.

“Долбоорлордун ичинен эксперттик комиссия тандоо жүргүзүп, жеңүүчүлөр аныкталат. Аларга долбоорун ишке ашырууга каржылык колдоо көрсөтүлүп, каражат кайтарымсыз, гранттык негизде берилет”, — деди ал.

Качыков белгилегендей, каржылык колдоодон тышкары, программага катышуучулар эки айлык окуу курсунан өтүшөт. Окуу процессине тажрыйбалуу эксперттер, күчтүү менторлор жана тиешелүү тармактын адистери тартылат.

“Катышуучулар окуу учурунда өз долбоорлорун өнүктүрүү, ишке ашыруу жана мындан ары өркүндөтүү боюнча керектүү билим жана тажрыйба алышат. Мындай инновациялык долбоорлорду колдоо мамлекет үчүн да жакшы өбөлгө түзөт”, — деди Нуртилек Качыков.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында Ишкерлер күнүнө карата “Кыргызстандын ишкердик потенциалы: мамлекеттик колдоо жана өсүү чекиттери” аттуу илимий-практикалык конференциясы өтүүдө. Иш-чара учурда пленардык отурумдар менен уланып жатат.