Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги 14 жаштан 35 жашка чейинки жаштар арасында "Кыргызстан үчүн 100 идея" республикалык сынагын жарыялайт.
Ведомстводон билдиришкендей, сынактын максаты — жаштардын инновациялык идеяларын колдоо, өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган келечектүү долбоорлорду аныктоо жана аларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү.
Долбоорлор 8 номинация боюнча кабыл алынат:
1.Илим жана изилдөө;
2. IT-чөйрөсү жана креативдүү индустрия;
3. Медицина;
4. Экологияны сактоо;
5. Социалдык чөйрө;
6. Туризм;
7. Өндүрүштүк технологиялар жана өнөр жай инфраструктурасы;
8. Коопсуздук.
Сынакка окуучулар, студенттер, жаш окумуштуулар жана иштеп жаткан жаштар катыша алышат. Долбоорлордун жаңычылдыгы, актуалдуулугу, практикалык мааниси жана ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү эске алынат.
Ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөр диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланат. Мындан тышкары, жеңүүчүлөр 2027-жылы өтө турган «КМШ үчүн 100 идея» эл аралык жаштар долбоорлорунун сынагына катышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Документтер 2026-жылдын 5-октябрынан 5-ноябрына чейин кабыл алынат.
Катышуу үчүн паспорттун көчүрмөсү, 3×4 сүрөт, долбоордун сыпаттамасы жана PowerPoint/PDF форматындагы презентация же 5 мүнөттөн ашпаган видеоролик тапшырылат.
Кошумча маалымат алуу үчүн:
(+996 312) 66-09-52
0990 068 535