Агрардык университетте студенттерге инновациялык долбоорлор көрсөтүлдү

Коом 16 октябрь 2026 16:35
IMG_1647.JPG.jpeg
IMG_1643.JPG.jpeg
IMG_1642.JPG.jpeg
IMG_1644.JPG.jpeg
IMG_1645.JPG.jpeg
IMG_1646.JPG.jpeg
IMG_1648.JPG.jpeg
IMG_8309.JPG.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_1647.JPG.jpeg
IMG_1643.JPG.jpeg
IMG_1642.JPG.jpeg
IMG_1644.JPG.jpeg
IMG_1645.JPG.jpeg
IMG_1646.JPG.jpeg
IMG_1648.JPG.jpeg
IMG_8309.JPG.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Кыргыз улуттук агрардык университети

Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде "Бүгүнкү инновациялар – эртеңки азык-түлүк коопсуздугу" аттуу AgriFood Innovation Day иш-чарасы өттү.

Окуу жайдан билдиришкендей, иш-чараны БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана университет биргеликте уюштурду.

Анда студенттер жана жаш изилдөөчүлөр сууну үнөмдөө, жайыттарды башкаруу, айыл чарбасын санариптештирүү, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана азык-түлүк ысыраптарын азайтуу боюнча долбоорлорун сунушташты.

Программанын алкагында илимий жетишкендиктердин көргөзмөсү жана студенттик долбоорлордун сынагы өттү. Алдын ала баалоонун жыйынтыгында беш команда финалга чыгып, өз долбоорлорун эксперттерге тааныштырды.