Чоң-Кеминдеги жаратылыш паркынан бугуну видеого тартып алышкан

Аймак Загрузка... 19 Сентябрь 2025 14:45
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 19.09.25. /Кабар/. Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркынын егери парктын аймагынан бугуну видеого тартып алган.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиршкендей, бугу үй жаныбарларына жакындап келген.

Окуя парк аймагында жапайы жаныбарлар менен адамдардын жана үй жаныбарлардын жолугушуулары болуп турарын айгинелейт. Видеодо бугу кылдат жакындап келип, эч кандай чочулоо же агрессивдүү аракеттер байкалган эмес.

"Бул көрүнүш парктагы биологиялык ар түрдүүлүк сакталып, жапайы жаныбарлардын жүрүм-туруму табигый нукта өнүгүп жатканын көрсөтөт. Мындай учурлар жаратылышты коргоо жана мониторинг жүргүзүү иштеринде чоң мааниге ээ", - деп айтылат маалыматта.

Жаратылыш паркынын администрациясы жергиликтүү тургундарга жана конокторго жапайы жаныбарларга этият мамиле кылууну, аларга жакындабоону жана азыктандыруудан алыс болууну эскертет.