Чоң-Кеминде "Ак илбирс" экофестивалы өтөт

Аймак Загрузка... 11 Март 2026 19:00
5.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Чоң-Кемин өрөөнүндө жаратылышты коргоого жана экологиялык маданиятты өнүктүрүүгө багытталган "Ак илбирс экофест – Кемин 2026" экофестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Иш-чара мамлекетти, бизнести жана коомчулукту тоо экосистемаларын сактоо маселесинин айланасында бириктирүүчү маанилүү аянтча болмокчу.

Анда Кыргызстандын символу болгон ак илбирсти коргоого жана экологиялык туризмди жайылтууга, ошондой эле экологиялык маданиятты жана демилгелерди колдоо, тоолуу аймактарда туруктуу туризмди өнүктүрүү жана жаратылышты сактоо идеяларын эл аралык деңгээлде даңазалоого өзгөчө басым жасалат.