Чоң-Алайда Германиянын гибриддик жүгөрүсү эксперимент катары өстүрүлүүдө

Коом Загрузка... 13 Июль 2026 09:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Чоң-Алай районунда алгачкы ирет 3,5 гектар аянтка, мал чарбачылыгынын тоют базасын чыңдоо жана тоют өсүмдүктөрүнүн жаңы түрлөрүн жергиликтүү шартка ылайыкташтыруу максатында Германиянын гибриддик KBC КАШМИР ФАО 390 сортундагы жүгөрү үрөнү эксперименттик негизде өстүрүлүүдө.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, бул тажрыйбанын негизги максаты – райондун шартында жогорку түшүм бере турган тоют өсүмдүктөрүн аныктап, фермерлерге натыйжалуу технологияларды жайылтуу.

Жүгөрү мал үчүн аш болумдуу жашыл тоют жана силос даярдоодо маанилүү өсүмдүк болуп саналат. Кыргызстанда акыркы жылдары тоют өсүмдүктөрүнүн аянтын көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бурулуп келет.

Эксперименттин алкагында жүгөрүнүн бийик тоолуу аймактагы өсүү өзгөчөлүктөрү, түшүмдүүлүгү жана тоюттук сапаты бааланып, алынган жыйынтыктар келечекте райондун фермерлерине сунушталат.

Аталган өсүмдүк райондун жогорку, ортоңку жана төмүнкү аймактырында өстүрүлүп, жума сайын агрономдордун көзөмөлүнө алынып, мониторинг жүргүзүлүп турат.

Чоң-Алай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы дыйкан-фермерлерди айыл чарбасына жаңы технологияларды жана инновациялык ыкмаларды киргизүүгө активдүү катышууга чакырат.